• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмнеге дыйкандар буудай эгишпейт? Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жообу

Коом 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда ун чыгаруучу ишканалардын саны кыскарып, азыр өлкөдө 27 ишкана гана иштеп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дандын 90%ы сырттан – Россия менен Казакстандан ташылып келет.

“Тегирмендердин токтоп, жабылышынан улам 2016-жылдан бери буудай айдоо аянты 120 миң гектарга кыскарган. Буудай өстүргөн дыйкандар тоют үчүн дан эгиндерин арзан баада сатууга аргасыз болуп, чыгым акталбагандыктан башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтүшкөн”, - дейт ал.

Ал белгилегендей, министрлер кабинетинин кайра иштетүүчүлөр үчүн кошумча нарк салыгын жоюу боюнча токтому бир жылга кабыл алынган, бирок ун өндүрүүчү ишканаларды толук калыбына келтирүү үчүн кеминде үч жыл керек.

Пикир

Оставить комментарий