• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эмнеге инвесторлор ГЭС курууга келбей жатат? – Улуттук энергетикалык холдингдин башчысынын пикири

Экономика 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнү электр энергиясына тарифтерди өзгөртүү боюнча пландар жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Улуттук энергетикалык холдинг" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Ал белгилегендей, Улуттук энергетикалык холдинг электр энергиясынын тарифтерин белгилебейт. Ал менен Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик алектенет.

"Эмнеге инвестор ГЭСтерди курууга келбейт? Себеби, Кыргызстанда Борбор Азия боюнча электр энергиясына тарифтер арзан", - деди ал.

Анын айтымында, инвестор өзүнүн инвестициясынан пайда көргөн учурда келет.

Ошондой эле ал, айрым өлкөлөрдүн 1 кВт/саатка болгон орточо тарифтерин айтып өттү: Беларус – 10 сом, Россия – 5,4 сом, Казакстан – 3,6 сом, Тажикстан – 2,5 сом, Кыргызстан – 1 сом.

Пикир

Оставить комментарий