• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмнеге Кытай автобустары алынды. Бишкек мэриясынын түшүндүрмөсү

Коом 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Бишкекте Кытайдан өндүрүлүп, алынып келинген жаңы 60 автобустун презентациясы болуп, ага президент Сооронбай Жээнбеков келип, бирине түшкөн. Жаңы автобустар апрелдин аягында каттамга чыгат.

Бул автобустар боюнча социалдык тармактарда шаар тургундары ар кандай пикир жазып, эмне себептен Кытай автобустары алынды деген сын-пикир айтылган.

Бул комментарийлерге жооп берип, Бишкек мэриясы түшүндүрмө берди. Газ менен жүргөн автобустар мыйзам боюнча тендер аркылуу алынган. Мыйзамда кайсы бир өлкөнүн компаниялары тендерге катыша албайт деген шарт жок.

Тендерге сегиз компания катышып, кытайлык YUTONG компаниясы эң ылайыктуу сунуш берген. Натыйжада Znengzhou Yutongbus CO, LTD корпорациясы тендерди жеңип алган.

Түркиялык компания 156 миң евро көрсөтсө, европалык ишканалар 200 миң доллар, россиялык компания – 108 миң долларга баалаган.

Маалыматка ылайык, Кытайлык фирма жылына 77 миң автобус чыгарат. Коомдук транспорт 100 миң чакырымга жүрөт деген кепилдик берген, бул 1,5 – 2 жыл эксплуатацияда болот деген сөз. Бишкектеги автобустар жылына орто эсеп менен 60 миң чакырым жүрөт.

Бишкек мэриясы жакында Болгарияда дагы тендер өтүп, кытайлык YUTONG жеңүүчү деп табылган, деп маалымдады.

Кытайлык компания чыгарган автобустар Монголия, Гавана, Бангкок шаарларында пайдаланылары айтылат.

Пикир

Оставить комментарий