• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эмнеге өзбек тарап Кыргызстандан картошка сатып албай жатат: Себеби айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Картөшкө сатып алуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган эмес. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү өз булактар билдиришти.

Алардын айтымдарында, учурда өзбек ишкерлери картөшкөнү Пакистандан сатып алып жатышат.

«Кыргызстан картөшкөнү бизге экспорттоо каалоосун билдирген. Бирок кыргыз картөшкөсү кымбат болгондуктан, ишкерлер Пакистандан арзаныраак алып келип жатышат. Азыр өзбек базарында картөшкө жетиштүү», — деп билдиришти булактар.

Буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев облуста 150 миң тонна картөшкө сатылбай турганын айткан.

Былтыр өкмөттүн экспорт тууралуу убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, былтыр картөшкөнүн дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 4,5 сом болууда.

Пикир

Оставить комментарий