• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Рахмон: Акыркы беш жылда тажикстандык мигранттардын саны 50% азайган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Акыркы беш жылда тажикстандык мигранттардын саны 50% азайган. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Россияга жасаган иш сапарынын алкагындагы тажик эмгек мигранттарынын диаспора жетекчилери жана студенттер менен болгон жолугушууда билдирген. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

Рахмон, экономиканын ар кыр багыттарын, айрыкча өндүрүш тармагын, жаңы өнөр-жай цехтерин жана ишканаларын түзүп, ишке киргизүү менен жаңы кызмат орундары түзүлгөнүн белгилеген.

Маселен, 2013-жылы расмий статистика боюнча, 800 миңден ашык адам эмгек миграциясында жүргөн. Ал эми, өткөн жылы 2013-жылга салыштырмалуу эмгек мигранттарынын саны дээрлик 50% азайып, 484 миңди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий