• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
«Сизге жана Сиздин өлкөнүн достук мамиледеги элине кубанычтуу окуя — жаркын Ид ал-Адха майрамына байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду жолдойм. Сизге ден-соолук жана бакыт-таалай, ал эми Сиздин өлкөнүн элине — тынчтык жана бейпилдик, прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалайм.
Бардык мусулмандар үчүн жагымдуу жана кубанычтуу күндөрү биздин достук жана көп кырдуу кызматташтык мамилелерибиз мындан ары дагы өнүгө берет деп ишенем», — деп белгиленет Тажикстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий