• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эмомали Рахмон Кыргызстанга иш сапары менен келди

Президент 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Эмомали Рахмонду КР президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

"Эртең, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барган. Эки мамлекет башчы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында улантылган.

Пикир

Оставить комментарий