• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен Ташкентке келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 17-августта мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди.

Ташкенттин эл аралык аэропортунда тажик президентин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Эмомали Рахмон Мустакиллик аянтында Гуманизм жана көз карандысыздык монументине гүл койду.

Куксарой резиденциясында Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү өтөт. Тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорт жана коммуникациялык, туризм, маданий-гуманитардык маселелерди талкуулап, өз ара кызыгууну жараткан аймактык жана эл аралык темалар боюнча пикир алышат.

Тажикстан президентин өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетечилери, ишкерлер жана маданий ишмерлер коштоп келишти.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Тажикстанга 9-мартта барган. Анда эки тараптуу кызматташуу боюнча 27 документке кол коюлган, алардын арасында эки өлкө жарандары үчүн 30 күн визасыз жүрүү макулдашуусу да бар.

Тажикстан президенти акыркы жолу Өзбекстанга 20 жыл мурун, 1998-жылы мамлекеттик сапар менен келген.

Пикир

Оставить комментарий