• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмомали Рахмон менен Ашраф Гани Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.06.19 /Кабар/. Тажикстандын президент Эмомали Рахмон Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуунун алкагында Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тажикстан башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун башында Эмомали Рахмон Тажикстан Афганистанда тезинен тынчтык жана туруктуулук орношуна кызыкдар экендигин билдирген.

Андан тышкары, жолугушуунун алкагында террорчулук, экстремизм жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күч органдары ортосунда өз ара кызматташтык боюнча да сөз болгон.

Тараптар ошондой эле тажик-афган кызматташтыгынын алкуалдуу маселелерин талкуулашкандыгы маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий