• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз-тажик жаратмандык кызматташтыгы мындан ары да жалпы кызыкчылыктардын бардык тармактарында өз ара урматтоо, өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук принциптеринин негизинде өнүгүп, кеңейе берерине ишеним билдирем», - деп белгиленет Тажикстан Президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий