• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эмомали Рахмон президенттикке кайра көрсөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.20 /Кабар/. Тажикстандын азыркы мамлекет башчысы, 67 жаштагы Эмомали Рахмонду Өз алдынча кесиптик кошуундар федерациясы президентикке 26-августта көрсөттү.

Рахмон өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келет. 2013-жылкы шайлоодо ал расмий маалыматтарга ылайык, добуштардын 84% алган.

Буга чейин беш партия өз талапкерлерин президенттикке көрсөткөн. Шайлоо 11-октябрда өтөт.

Бул эгемен Тажикстандын тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо. Мурдагылардын баарында Эмомали Рахмон жеңген.

Тажикстанда президент жети жылга шайланат. Талапкер жогорку билимдүү, мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн, өлкөдө он жылдан кем жашабаган, жашы 30дан жогору болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий