• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эмомали Рахмон Рогун ГЭСинин курулушу менен таанышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Рогун ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент ГЭСтеги бардык 72 тилкенин жумушчулары менен жолугуп, аларды иштин сапатына жана жабдуулар менен техниканы натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Бул сапарында Эмомали Рахмонду өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзода коштоп жүрдү.

Графикке ылайык, Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты быйыл 16-ноябрда ишке кириши керек. Курулуш иштери менен алектенип жаткан италиялык Salini Impregilo компаниясынын башчысы Пиетро Салини январда президент Эмомали Рахмон менен жолугуп, дал ушул датаны атаган.

3600 мегават кубаттуулуктагы ГЭСтин курулушу өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында башталган. Кийин Советтер Союзу таркагандан кийин андагы курулуш иштери токтоп калган. Рогун ГЭСи Вахш дарыясындагы гидроэлектрстанциялардын тогузунчу каскады болуп эсептелет жана Душанбеден 110 чакырым алыстыкта жайгашкан.

ГЭС ар биринин кубаттуулугу 600 мегаватты түзгөн 6 агрегаттан турат. Курулуп бүтсө станциянын 335 метрлик плотинасы дүйнөдөгү эң бийик плотина болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий