• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эмомали Рахмон Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Эң жакшы тилектерди каалап, Сиздин 60 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздин активдүү турмуш жолуңуз, Мамлекет башчынын кызматындагы бардык Сиздин демилгелериңиз жана жемиштүү ишмердигиңиз өлкөгө берилген уул катары жаныңызды карч уруп кызмат кылуунун чыныгы үлгүсү болуп саналат. Кыргызстан менен жакшы коңшулук мамилелерди бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатынын эң маанилүү багыты болгон жана ошол бойдон кала берет.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келген кыргыз-тажик достук жана өз ара кызматташууну туруктуу өнүгүү жолуна чыгарууга багытталган биздин туруктуу расмий жана жумушчу байланыштарыбыздын уланышына ишеним билдирем.

Бул маанилүү күндө Сизге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге албан ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет Тажикстандын Президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий