• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти Сооронбай Жээнбековдун туулган күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирди.

“Туулган күнүңүз мага Сизге болгон чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жана каалоо-тилектерди жолдоого жагымдуу мүмкүнчүлүк берип жатат. Бул Сиз жана жакындарыңыз үчүн өзгөчө күнү чын жүрөктөн бекем ден соолук, бакты-таалай, бакубаттуулук жана дос Кыргызстан үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайм. Учурдан пайдаланып, Тажикстан жана Кыргызстандын ортосундагы достук, жакшы коңшулаштык жана тыгыз шериктештик мамилелери мындан ары дагы өнүгүп, бекемдей берет деп ишенем. Өз тарабыман бул багытта биргелешкен иш-аракеттерге даярдыгымды билдирем”, - деп Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий