• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эмомали Рахмон Тажикстандагы ар бир үй-бүлөгө китеп белек кылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тажикстандагы ар бир үй-бүлөгө академик Бобожон Гафуровдун "Тажиктер" аттуу китебин белек кылат. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, 6-февраль күнү Эмомали Рахмон "Бобожон Гафуровдун "Тажиктер" аттуу китебин басып чыгаруу тууралуу" токтомго кол койгон.

Ал токтомдо белгиленгендей, Тажикстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын өткөрүүгө чейин Бобожон Гафуровдун "Тажиктер" аттуу китеби басып чыгарылып, китеп ар бир үй-бүлөгө президенттин атынан белекке берилет.

Пикир

Оставить комментарий