• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эмомали Рахмон: Туристтерден пара талап кылгандар – улут саткындары

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Тажикстан президенти чет өлкөлүк туристтерден жана саякатчылардан пара талап кылып, орой мамиле жасаган күч түзүм кызматкерлерин катуу жазалоону тапшырды.

“Мындай кишилерди улут саткындары катары жарыялоо керек”, -деп билдирди Эмомали Рахмон Согди облусунун активдери менен жолугушуу учурунда.

Тажик лидеринин айтымында, паракор жана орой күч түзүм кызматкерлеринин айынан туристтер Тажикстанга келүүдөн баш тартышууда. “Эң эле жаманы – дүйнөлүк аренада өлкөнүн кадыр-баркы кетүүдө”, - деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Рахмон конокторду жана туристтерди улуттук маданият, каада-салт менен тааныштыруу – чек ара жана бажы өткөрмө бекеттеринен башталарын эскертти. Президент милиция кызматкерлери, бажычылар жана чек арачылар мындан ары туристтерден акча талап кыла турган болсо, катуу жазага тартыларын айтты.

Пикир

Оставить комментарий