• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эмомали Рахмон Өзбекстанга 17-августта барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен 17-18-август күндөрү барат. Бул тууралуу өзбек мамлекеттик басылмалары жазышты.

Kun.uz агенттиги өз булактарына таянып, сапардын алгачкы күнү Ташкентте эки өлкөнүн искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда ири иш-чаралар өтө турганын кабарлады. «18-августта Эмомали Рахмон Самаркандга барат», - деп жазды басылма.

Өзбек ЖМКлары Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары маалында 20дан ашык документке, анын ичинде стратегиялык өнөктөштүк тууралуу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү макулдашууларга кол коюла турганын билдиришүүдө.

Эмомали Рахмон акыркы жолу мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга 1998-жылы барган. 2016-жылы тажик мамлекет башчысы Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун тажиясы үчүн Самаркандга барып кеткен.

Быйыл 9-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барган. Анда эки тараптуу кызматташтык тууралуу 27 документке, анын ичинде 30 күндүк визасыз режим жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган.

Былтыр эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү 126 миллион долларга жеткен. 2015-жылы бул көрсөткүч болгону 12 миллион гана долларды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий