• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эмомали Рахмон Жээнбековду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Сизди жана Сиздин өлкөңүздү жазгы күн менен түндүн теңелишинин жана жаратылыштын ойгонушунун байыркы майрамы – эл аралык Навруз менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Чыгыштын эң сүйүктүү жана кеңири тараган майрамдарынын бири Навруз бийик гуманисттик дөөлөттөрү жана салттары – эмгекчилдиги, жаратмандыгы, ак ниеттиги, келечекке жана жашоого умтулуусу менен жалпы адамзаттын салабат өнүгүшүнө маанилүү милдет өтөйт.

Өлкөлөрүбүздүн достук жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери Навруздун жандуу идеяларына шыктануу менен мындан ары дагы ырааттуу өнүгөт деп ишенем”, -деп белгиленет куттуктоо телеграммада.

Тажикистандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстандын дос элине тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык, бак-таалай жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий