• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эмомали Рахмон журналисттер менен жолугат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн журналисттер менен жолугат. Жолугушууга мамлекеттик маалымат каражаттардын башкы редакторлору менен журналисттери чакырылган.

Анда расмий басылмалардын ишмердүүлүгү талкуулана турганы айтылууда.

Эмомали Рахмон акыркы жолу журналисттер менен тажик басма сөзүнүн 100 жылдык мааракесине карата 2012-жылы жолуккан.

Мамлекет башчы былтыр октябрда Согда деп аталган теле жана радиостудиянын ачылышында мамлекеттик ЖМКларга карата сын айткан. «Тилекке каршы, мамлекеттик телеканалдан баштап бардыгы тең бийликти мактоо менен алек. Мындан улам бизде бардыгы жакшы, эч кандай кемчилик жоктой сезилет», — деген Рахмон.

Анын айтымында, мактоо менен кошоматчылык коомго жана бийлик өкүлдөрүнө терс таасир этиши мүмкүн. «Теле жана радио аркылуу ашыра мактоонун кереги жок. Бул мамлекет менен өлкөгө пайда алып келбейт. Кемчиликтерге көз жумуп койбош керек. Тескерисинче, бийлик органдарынын кемчиликтерин таап, аларды жоюунун жолдорун издөө зарыл», — деп билдирген Рахмон.

Пикир

Оставить комментарий