• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Саясат 0

Бишкек, 28.07.19. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 28-июлда өзүнүн иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан учуп кетти, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков узатты.

Эске салсак, Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантышты.

Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий