• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Эмоцияга алдырды”. Садыр Жапаров Эдил Байсаловдун айткандары тууралуу

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. "КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эмоцияга алдырып, өзүнүн билдирүүсүн коомчулукка жеткире алган жок”, - деди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат жыйындын жүрүшүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Анын айтымында, ал Эдил Байсалов катышкан талкууну көргөн. “Ал эмоцияга алдырып, өз оюн туура жеткире алган жок. Буга чейин өкмөт жалаң гана депутаттарга иштеп келген. Байсалов эми министрлер кабинети парламентке эмес, элге иштей тургандыгын айткысы келген”, - деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, буга чейин КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ата мекендик маалымат каражаттарынын биринде болгон талкууга катышып, анда ал “парламент түзүлгөндөн кийин министрлер кабинети президенттин саясатын колдой турган депутаттар менен гана иштешерин” айткан.

Пикир

Оставить комментарий