• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Enactus жана AIESEC Бишкекте жаштар форумун өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Кыргызстанда Enactus жана AIESEC жаштар уюмдары 2018-жылдын 11-12-мартында World's Largest Lesson иш-чарасынын алкагында Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын колдоосунда эки күндүк жаштар форумун өткөрөт.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунан билдиришкендей, World's Largest Lesson (12-март) – бул Бишкек шаарынын 10 мектебинин 100 окуучусу үчүн форумдун даярдалган 50 катышуучусунун сабак өтүүсү.

Сабактарда жаш активисттер шаардын мектеп окуучуларын БУУнун 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүү Максаттары менен тааныштырышат. Студенттер окуучулар менен Туруктуу өнүктүрүү Максаттарынын Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн талкуулашат. Окуучулар максаттарга жетишүү үчүн кандай салым кошо алышары тууралуу идеялары менен бөлүшүшөт.

Иш-чара мектептерде БУУнун Туруктуу Өнүктүрүү глобалдык Программасы менен тааныштыруу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий