• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эндокринолог кант диабети менен ооругандарды эмдөө үчүн артыкчылыктуу топторду атады

COVID - 19 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоо адистери каршы көрсөтмөлөрдү жана сактык чараларын эске алуу менен 1-типтеги диабет, 2-тип жана диабеттин сейрек кездешүүчү түрлөрү (гестациялық диабеттен башка) менен ооруган бейтаптар үчүн COVID-19га каршы эмдөөнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө айтып жатышат, деп билдирди Бишкек шаарынын башкы штаттан тышкаркы эндокринологу Назгүл Абылова брифинг учурунда

Ал кант диабети менен ооругандарды эмдөө үчүн артыкчылыктуу топторду тизмектеди:

- кан тамыр жактан көп кабылдоолору бар оорулуулар;

- жүрөк -кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптар;

- бөйрөктүн алмаштыруучу терапиясын албаган 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорулуулар;

- диализдеги бейтаптар;

- бөйрөктү алмаштыргандан кийинки бейтаптар, кан тамыр жактан көп кабылдоолору барлар.

«Эмдөө жөнүндө чечимди дарыгер дене температурасын өлчөө менен жалпы текшерүүдөн өткөндөн кийин (эгер температура 37°С ашса эмдөө жүргүзүлбөйт), бейтаптын маалымдалган макулдугуна кол коюлгандан кийин кабыл алынат», - деди эндокринолог.

Пикир

Оставить комментарий