• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эне-балдардын өмүрүн алган өрт. Новопокровка айылындагы кырсыктын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан төрт адамдын өмүрүн алган Новопокровка айылындагы кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 13-декабрда, саат 14:36лар чамасында Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналынын түштүк тарабында жайгашкан үй өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Аталган дарекке ӨКМден 2 даана жана Аламүдүн базарынын ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуунунун 1 даана өрт өчүрүү техникасы тартылган. Өрт өчүрүү бөлүмү жерине барган учурда кашардын четиндеги турак жай катары колдонгон жагы жалындап, өрттөнүп жаткан.

Кырсыктан 1995-жылы туулган О.к.А., 2014-жылы туулган Т.А. (эркек), 2016-жылы туулган Т.А. (кыз) жана 2017-жылы туулган Ж.Б. (эркек бала - жээни) күйүп кеткен.

"Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 13-декабрь күнү кашардын жумушчусу 1999-жылы туулган Т.А. (эркек киши) от жагуу максатында кашарга кирип, литрдик желим бөтөлкөсүндөгү күйүүчү майы менен (бензин) отту жандандыруу максатында меш орун алган бөлмөсүнө кирип, мештин ичине күйүүчү майын куйган кезде өрт желим бөтөлкөгө жабышып, андан соң А.Т. кийимине жабышкан, күйүп жаткан желим бөтөлкө бөлмөгө түшүп, бөлмөнү жалын каптаган. Т.А. өзү тирүү калган. Тилекке каршы, бир аял жана үч наристе каза болуп калды", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, кашардын узундугу 36 метр, туурасы 16 метрди түзөт. Кашардын дубалы самандан, бөлмөлөрдүн дубалы жыгачтан, полу жана шыбы жыгачтан. Жылуулук системасы мештен (печное). Чатыры шиферден, балкалары жыгачтан курулган.

Өрттүн кесепетинен 320 чарчы метр күйгөн, кашардын чатыры жана эки бөлмөсү жана кире бериши күйгөн, 1080 чарчы метри өздүк курам тарабынан сакталып калган.

Пикир

Оставить комментарий