• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Энесин көрүп - кызы өсөт" же мураска берилүүчү искусство

Маданият 0

Бишкек, 25-июль /Ислам Розиев – Кабар/. Бишкектеги Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Энесин көрүп - кызы өсөт” же тукум куучулук искусство аталышындагы көргөзмө ачылды.

Көргөзмөнү “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду долбоордун автору ЮНЕСКОнун эксперти Динара Чочунбаева менен биргеликте Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ачылган.

Мында көркөм сүрөт тармагында белгилүү айымдардын эмгектери коюлган. Бул көргөзмөдө апасынын тандоосу кызына кандай таасир берээри жана тукумдан тукумга калаары сүрөттөлгөн.

Жалпысынан көргөзмөгө 9 жаштан 90 жашка чейинки айымдардын 50дөн ашык эмгеги коюлган. 20 үй бүлөнүн жана династиянын сүрөтү тартылган. Көпчүлүк сүрөтчүлөрдүн эмгектери мыкты деп табылып, “ЮНЕСКОнун сапат белгиси” сыйлыгы ыйгарылды.

Көргөзмө 12-августка чейин уланат.

Сүрөт: Даниил Хашковский

Пикир

Оставить комментарий