• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эне сүтү балага табылгыс азык

Аймак 0

БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгынын алкагында эненелерге баланын туура тамактануусу боюнча бекер кеңештер берилүүдө. Бул тууларуу шаардагы №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Канышай Баиева билдирди.

Анын айтымында, 1-августтан 7-августка чейин өтүүчү эмчек эмизүү жумалыгынын алкагында Жалал-Абадда жана жер жерлерде жаш энелерге баланы туура тамактандыруу, балдарды алты айга чейин жалаң гана эне сүтү менен тамактандыруу жана мүмкүнчүлүктүн болушунча баланы эки жашка чейин эмизүү боюнча адистердин катышуусунда кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад шаардык мэриясы билдиргендей, SPRING долбоорунун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Динара Боронбаеванын айтуусунда, бул жумалык Жалал-Абадда жылына өткөрүлүп келет.

Бирок, жылына жумалыктын аталышы ар кандай аталышта, бул жылы жумалык "Эмчек эмизүү ар дайым жана ар жерде" деп аталды.

"Негизинен акыркы убактарда энелер балдарын көчөдө эмизүүлөрү коомчулукка жат көрүнүштөй болуп баратат. Бирок бул туура эмес. Анткени бала тамактанууну кайсыл жерде кааласа эне ага өз убагында көңүл буруусу керек. Жаңы төрөлгөн балага кошумча тамак берүүгө болбойт. Көпчүлүк энелер ымыркай төрөлгөндөн баштап ар кандай суусундук жана кошумча тамак берүүгө аракет кылышат. Бул — чоң катачылык. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ашказаны болгону 5-7 миллиметр суюктукту батыра алат. Эне дагы белгиленген өлчөмдө гана ууз сүт чыгара алат. Бул ымыркайдын тамакка болгон талабын аткара алат. Болгону бат-бат эмизип туруу зарыл. Баланын эмчектен эрте чыгуусу анын эне сүтүндө болгон бардык витаминдерди толук ала албай, натыйжада ымыркайдын организми начарлап ар түрдүү ооруларга туруштук бере албай калат ", - дейт ал.

Эскерте кетсек, өткөрүлүп жаткан бул жумалыкка Жалал-Абад шаардык мэриясы, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана SPRING уюмунун материалдык колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Бул жумалык жылына дүйнөнүн 170 өлкөсүндө белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий