• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмчек эмизүү - наристелерди керектүү азыктар менен камсыздоодогу эң керектүү ыкма

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Эмчек эмизүү - наристелерди жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды керектүү азыктар менен камсыздоодогу эң керектүү ыкма. Ал ымыркайларга пневмония жана диарея (ич өтүү) сыяктуу балдар арасында кеңири таралган оорулардан коргоого жардам бере турган керектүү антителаны камтыйт жана коопсуз бардык керектүү азыктарды берет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) ымыркайларга алты ай толгонго чейин жалаң гана эмчек эмизүүнү андан соң, кошумча тамак берүү менен бирге аны улантууну сунуш кылат. Мындан сырткары, БДСУнун адистери төрөттөн кийинки алгачкы сааттарда балдарды эмизүү керектигин белгилешет.

Жаңы илимий маалыматтарга таянсак, эмчек эмизүүнүн 100%га жакын көрсөткүчү жылына беш жашка чейинки 820 миң баланын жана 20 миң аялдын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бермек.

Пикир

Оставить комментарий