• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эне жана баланы коргоо борборунда 7 адам коронавирус жуктурган. Республикалык штаб түшүндүрмө берди

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 7 адамда коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Мындан мурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө дарыланган бейтапта коронавирус аныкталган. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Тогуз Торо районунан билдирүү келгенден кийин маалым болду – аталган бейтап Тогуз-Торо районунун тургуну болот. Мындан улам бардык бейтаптар, бейтаптарды карагандар жана медицина кызматкерлери текшерүүдөн өткөрүлгөн. ПЦР диагностиканын жыйынтыгында коронавирус 7 адамда табылган – 2 бала, 3 эне жана 2 медицина кызматкери. Калган 20 кызматкер, 13 бала жана 7 ата-энеде оору жок болуп чыккан. Алар 14 бою медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушат", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан билдиришкендей, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында бейтаптарды кабыл алуу жүргүзүлбөй эле. Учурда ал жакта дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда ден соолугу оор абалда болгонуна байланыштуу медициналык жардамга муктаж 13 бала карантиндик чараларды сактоо менен бөлүмдө дарылануусун улантууда.

"20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулган. Бардык медицина кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий