• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эне жана баланы коргоо борборунун Балдар гематологиясы бөлүмүнүн бейтаптарына белектер берилди

Коом 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Кечээ, 30-декабрда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Бельгиянын ардактуу консулу Чынара Эсенгелдиева, Италиянын ардактуу консулу Мария Беспалова, Чилинин ардактуу консулу Нурлан Чолоев жана Нидерланддын ардактуу консулу Елена Юн «Жал» кичирайонундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы Балдар гематологиясы бөлүмүндө болушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министрдин биринчи орун басары Н.Ниязалиев жарандардын ден соолугу жөнүндө жан үрөп иштегендери жана кам көргөндөрү үчүн борбордун жетекчилиги менен кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, ошондой эле дарыланып жаткан балдарды келе жаткан Жаӊы 2022-жыл менен куттуктап, аларга тез арада айыгып кетүүнү, жаркын маанай жана өз алдынча өнүгүүгө жана билимге умтулууну каалады.

Ардактуу консулдар клубунун колдоосунда кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, анын алкагында жаӊы жылдык сый тамак жана балдар бөлүмүнүн 113 кичинекей бейтабына китептер берилди.

КР ТИМинин башчысынын биринчи орун басары бул китептер балдарга дүйнө кереметтери менен таанышууга, жомоктор дүйнөсүнө жол ачууга, ошондой эле оӊ эргүүлөрдү алууга жардам берерин жана тез арада айыгып кетүүлөрү үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

Н.Ниязалиев балдарга бардык каалаган тилектеринин ишке ашышын, ошондой эле таланттуу дарыгерлер, жетекчилер жана дипломаттар сыяктуу кесипке ээ болуп, келечекте коомдун жигердүү мүчөлөрүнөн болушун каалады. Ошондой эле ал кайрымдуулук акцияны уюштурууга кошкон жеке салымдары үчүн ардактуу консулдарга ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова жардам көрсөтүп келген конокторго ыраазычылык билдирди жана келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.

Кайрымдуулук акциясы министрликтин калыптанган салтына айланып калды жана мындай иштер үзгүлтүксүз негизде өткөрүлө бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий