• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмү коронавирустан улам ишин убактылуу токтотту

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмү коронавирустан улам ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Эске саала кетсек, Эне жана баланы коргоо борборунда 7 адам коронавирус жуктуруп алган.

Маалыматка ылайык, 10-майдан 25-майга чейин ЭжБКУБ клиникалык төрөт үйү кош бойлуу жана төрөй турган айымдарды кабыл алууну убактылуу токтоткон.

Министрдин орун басары билдиргендей, аталган борбордогу төрөт бөлүмүнүн обсервация шартында болгон кызматкерлердин тизмеси түзүлүп, бейтаптар менен иштөө улантылып жатат. Бардык бейтаптардан жана кызматкерлерден COVID-19 илдетине ПЧР-диагностика алынды. Тиешелүү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Байланышта болгон 27 кызматкер жана кырдаал көзөмөлдө», - деп билдирди ал.



Карантин убагында ЭжБКУБ КТҮгө бара турган кош бойлуу жана төрөчү айымдарды графиктин негизинде борбордун башка төрөт үйлөрү кабыл алышат. Аймактардагы бардык мезгилсиз төрөттөр жана төрөөчү айымдар Бишкек шаарындагы Перинаталдык борборго жөнөтүлөт.

Бүгүнкү күндө ЭжБКУБ КТҮ клиникалык төрөт үйүндө медкызматкерлердин көзөмөлүндө 111 бейтап жатат, 64 аялдын ичинен ону кош бойлуу, калганы жаңы төрөгөндөр жана 47 жаңы төрөлгөн ымыркай, алардын ичинен 11и реанимацияда.

Ошондой эле Үсөнбаев кошумчалагандай, 6 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган Нарын облусундагы облустук төрөт үйүндө толугу менен персонал алмашып, иш штаттык режимде уланууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ни түзөт. Алардын ичинен 709 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий