• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Энергиянын баасы жогорулашы керек жана бул кадимки процесс - Батаканов

Коом 0

Бишкек, 19.02.18. /Жамиля Жакпыбекова - Кабар/. Энергетиканын баасы жогорулашы керек жана бул кадимки көрүнүш. Бул тууралуу ЖЭБдеги аварияны териштирүү боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынтыктоочу отурумунда “Бишкек жылуулук тармагы” ААКнын мурдагы директору Мирбек Батаканов айтты.

Ал баа энергияны иштеп чыгуудагы бардык чыгымдарды эске алуу менен иштелип чыгышы керектигин, ошондой эле кийинки иштер үчүн кирешени камсыздоосу зарылдыгын белгиледи.

“Биз бааны түбөлүк кармап отура албайбыз. Эгерде тарифтердин үстүндө жакшы иштесек, өз алдынча иштөөнү камсыздоого болот. Буга чейин биз нанды 5 сомдон алсак, бүгүн 25тен, бензин 5 сом турган, учурда 45. Энергия – бул ошол эле нан жана бензин, бул жашоодо эч нерсе арзандабайт”, - деди ал.

ЖЭБдин мурдагы директору Лев Васильев ушул идеяны колдоду.

“Учурда бизде 1 кВТ/саат 56,6 тыйын турат. Ал эми өздүк наркы 2 сом 90 тыйын. Бул техникалык эмес, социалдык баа. Бул маселени чечүү керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий