• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Токтогул ГЭСинде болду

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Кечээ, 9-февралда Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев Токтогул ГЭСинде болду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, энергетика министри Токтогул ГЭСинин абалы менен жеринен таанышып жана текшерүү жүргүздү.

"Токтогул ГЭСиндеги монтаждоо иштери өз убагында бүтүрүлүүгө тийиш, биз аны мөөнөтүнөн кечиктирбешибиз зарыл", - деди министр.

Буга байланыштуу керектүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле министр ГЭСтин кызматкерлери менен жолугуп, алардын муктаждыктары менен өтүнүчтөрүнөн кабардар болду.

Бүгүн, 10-фервалда министр башка облустардагы энергообъектилерди кыдырып чыгаары айтылат.

Пикир

Оставить комментарий