• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Энергетика министри салык кызматынан мүлкүн жашырган — Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев салык кызматынан мүлкүн жашырган. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

Маалыматка ылайык, энергетика министри Д.Бекмурзаев Салык кодексинин жана «КР Министрлер Кабинети жөнүндө» КР Конституциялык мыйзамынын талаптарын бузуу менен 2022-жылы ага жана анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларация тапшырган эмес. Ошондой эле Д.Бекмурзаев 2021-жылы Мамлекеттик салык кызматына тапшырган декларациясында атайын айрым кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, “Улуттук энергохолдинг” ААКсынын, “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине эмгек акыларга кошумча үстөктөрдү, иш сапар чыгымдарын мыйзамсыз төлөнгөндүгү, отун ресурстарын сатып алуулар жана башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий