• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Энергетика министри “Жалалабатэлектр” ишканасынын жамааты менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Жалалабатэлектр" ААКнын жана Жалал-Абад Жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасынын жамаатына жолугуп, кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Жыйын учурунда кыргыз энергетикасын оптимизациялоо процесси боюнча ишкананын кызматкерлерин кыжаалат кылып жаткан суроолор бар экенин билдим. Көпчүлүгү оптимизация жумуш орундарынын кыскартылышына алып келет деген ойдо экен. Бирок, мен бул реформалардын жыйынтыгында бир дагы кыскартуу болбойт экендигинин кепилдигин берем. Эгерде кайсы бир тармакта билим алып, тажрыйба топтоп келе жаткан кызматкерлердин бирөө гана ишсиз кала турган болсо, анда бул оптимизация максатына жеткен жок деп эсептөөгө болот.

Алдыда кайсы бир тараптарга жакпай калышы мүмкүн болгон ири реформалар ишке ашканы турат. Бирок, анткени менен бул өзгөрүүлөр Кыргызстандын энергетикасы үчүн өтө зарыл болууда.

Жолугушуубуз натыйжалуу жана жемиштүү болду. Суроо берүүнү каалагандардын бардыгы суроосун узатып, ошого жараша жоопторду ала алышты”, – деп жазган министр.

Пикир

Оставить комментарий