• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Энергетика министрлиги Masdar компаниясы жана ЕРӨБ менен маанилүү документтерге кол койду

Экономика 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. КР Энергетика министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Masdar компаниясы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу министр Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, Masdar компаниясында БАЭде жана Өзбекстанда кайра жаралуучу энергияны ишке киргизүү жана коммерциялаштыруу жаатында чоң тажрыйбага ээ.

"Компания бизде дагы ийгиликтерди жаратат деп ишенем. Ал Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарынын , анын ичинде жер үстүндөгү жана калкып жүрүүчү күн фотоэлектр станцияларын куруу жана кубаттуулугу 1000 мегаваттка чейинки гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн изилдейт. Меморандумдун дагы бир максаты - КРда 500 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын курууга байланыштуу практикалык маселелерди талкуулоо", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Бекмурзаев ЕРӨБ менен келишим өз кезегинде "Чакан ГЭС" ААКтын төрт гидроэлектрстанциясын модернизациялоону карай турганын белгилеген. Аяктоодон кийин күтүлүп жаткан натыйжалар орнотулган кубаттуулукту 3,2 МВтга көбөйтүү, станциялардын суу агымын үнөмдүү пайдалануунун эсебинен электр энергиясын иштеп чыгууну 20%дан ашык же 37 млн ​​кВт саатка кошумча көбөйтүү болуп саналат.

"Бул документтер Энергетика министрлигинин энергетика тармагын модернизациялоого басым жасап жатканын ырастайт. Биз инвесторлорго энергиянын кайра жаралуучу булактарынын эбегейсиз мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга жардам берүү үчүн бардык шарттарды түзүп жатабыз. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын туура пайдалануу - өлкөнүн энергетикалык коопсуздугунун кепилдеринин бири", - деп эсептейт министр.

Пикир

Оставить комментарий