• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Энергетика министрлиги бизнес-коомчулук менен конструктивдүү диалог курууга өзгөчө көңүл бурат

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Энергетика жана өнөр жай министрлиги бизнес-коомчулук менен конструктивдүү диалог курууга өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев министрликке караштуу Энергетика, тоо кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги жана жаңы түзүлгөн маминспекциянын ишмердүүлүгү менен бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнө тааныштыруу үчүн уюштурулган жолугушууда билдирди.

Эскерте кетсек, бул жолугушуу ачык эшик күнүнүн алкагында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев мамлекеттик инспекциянын бизнес өкүлдөрү менен ар тараптуу кызматташуусу, ошондой эле өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган диалогду бекемдөө зарылдыгы тууралуу белгиледи.

Энергетика, тоо кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнө инспекциянын түзүмү, жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

Жолугушууда бизнес өкүлдөрү бардык суроолорго жооп алышып, кызматташуу багыттары боюнча пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий