• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Энергетика министрлиги Япониянын “Muroo Systems Co” компаниясы менен меморандумга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Япониянын “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Панды кабыл алды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун алкагында тараптар энергетика тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Андан соң энергетика министри Талайбек Ибраев менен “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Панды өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга, ошондой эле чакан Каракөл ГЭСин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюшту.

Таалайбек Ибраев бул документ тараптардын мындан аркы практикалык кызматташуу үчүн маанилүү экенин билдирди. Аны менен катар бул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун максаты Кыргызстанда гидроэнергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү, атап айтканда, чакан гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча кызматташтык үчүн тыгыз өз ара аракеттенүү болуп саналат.

Ал эми “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Пан Чакан ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга, тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

Кол коюлган Жол картасынын алкагында чакан ГЭС куруу жөнүндө долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.

Эске салсак, ноябрь айында министр Таалайбек Ибраев Японияга болгон иш сапарында “Muroo Systems Co” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча презентация жасалган.

Жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында "Muroosystems Corporation" компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргызстанга келүүсү боюнча макулдук беришкен.

Пикир

Оставить комментарий