• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Энергетика министрлиги: Токтогул суу сактагычынан Казакстанга суунун кошумча көлөмү агызылган эмес

Коом 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын Энергетика министрлиги ар бир куб метр суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбестигин жоопкерчилик менен билдирет.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын калкын жана экономикасын электр энергиясынын зарыл болгон көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында Кыргызстандын жана Казакстандын Энергетика министрликтери тарабынан электр энергиясын өз ара жеткирүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ага ылайык, казак тарап 2021-жылдын жаз-күз мезгилинде Кыргызстанга 900,0 млн кВт/саат электр энергиясын баштапкы берүүнү ишке ашырууда.

Келишимдин негизинде 2021-жылдын мартынан май айына чейинки мезгилде Казакстандан 420,0 млн кВт/саат электр энергиясы алынган, бул көрсөтүлгөн мөөнөттө Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Өз кезегинде кыргыз тарап Казакстанга 2021-жылдын июнь-август айларында буга чейин алынган 300,0 млн кВт/саат электр энергиясын кайтарып берди.

Кыргызстандан Казакстанга кайтарылган электр энергиясы Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде өндүрүлөт, ал эми керектелген суунун көлөмү көрсөтүлгөн электр энергиясын иштеп чыгууга жумшалат.

"Энергетика министрлиги ар бир куб метр суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбестигин жоопкерчилик менен билдирет. Буга байланыштук мекендештерди расмий булактардан алынган маалыматка таянууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий