• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Энергетикалык компанияларды бириктирүү жол-жоболору аяктады - министрлик

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда энергетикалык компанияларды бириктирүү жол-жоболору аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын энергетика тармагындагы түзүмдөштүрүү реформаларын жүргүзүүнүн алкагында 2022-жылдын 23-апрелинен 26-апрелине чейин "Түндүк электр", "Кыргызстандын УЭТ", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ААКдарда акционерлердин кезексиз жыйыны өттү.

Жыйындын жыйынтыгы менен аталган энергетикалык компанияларды кайра түзүмдөштүрүү чечими кабыл алынып, бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар "Кыргызстандын УЭТ" ААКна кошулат, ал эми "Бишкекжылуулуктармагы" ААК "Электр станциялары" ААКна кошулат.

"Реформалар жасалган соң энергетикалык компаниялардын чыгымдары, административдик чыгымдар кыскартылып, сатып алууларды бириктирүүдөн экономикалык натыйжа алынып, бизнес-процесстер автоматташтырылып, электр энергиянын сатуу жолдору жана айкындуулугу жакшыртылып, электр чарбасын реконструкциялоо менен электр тармактарындагы жоготууларды азайтуу оптималдаштырылышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, оптималдаштырылган каражат жаңы иштеп чыгуучу кыбаттуулуктарды киргизүү, энергия жабдууларын реконструкциялоо жана жаңылоо, КРнын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө долбоорлорун жүзөгө ашырууга жумшалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий