• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Энергетика тармагы – өлкөбүздүн экономикасынын негизгилеринин бири - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 22.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министи Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.

«Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин күнү менен куттуктайм!

Энергетика тармагы – өлкөбүздүн экономикасынын негизги, бюджет түзүүчү тармактарынын бири. Бул тармакта жолго салынып, аткарылып жаткан иштер тармактын өнүгүшү үчүн гана эмес, элибиздин бакубаттыгынын өсүшү үчүн дагы шарттарды түзүүдө. Ар бир үйгө жарык менен жылуулуктун берилиши – бул сиздердин салымыңыздар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан энергетикалык тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга өзгөчө маани берилет.

Бул жаңы кубаттуулуктарды көбөйтүү жана иштеп жаткандарын модернизациялоо, электр берүү линияларын жана подстанцияларын куруу, энергетикалык процесстерди башкаруунун заманбап автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү болуп саналат.

Учурда Өкмөт тарабынан энергетиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү ири долбоорлор ишке ашырылууда: «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоору активдүү фазада турат, анын алкагында 2018-жылы күч трансформаторлорун, 500 кВ кабелдик линияларды, ошондой эле энергия блокторунда көмөкчү электр-механикалык жабдуулар алмаштырылды.

Мындан тышкары, Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Энергетиктердин эмгегинин натыйжасында бүгүнкү күнү өлкөбүздүн коңшу мамлекеттерден энергетикага болгон көз карандылыгы жоюлду.

Урматтуу энергетиктер,

Сиздердин эмгегиңиздер өтө маанилүү. Мындан ары дагы сиздер энергетикалык комплекстин өнүгүүсүн, анын туруктуу, ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кыла бересиздер деп ишенем.

Тармактын ардагерлери өзгөчө ыраазычылыктарга арзыйт. Алар өлкөбүздүн энергия системасынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошушкан, өлкөбүздүн энергетикасынын келечекте өнүгүшү үчүн ишенимдүү пайдубал түптөшкөн.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, жалпыңыздарга жаңы эмгектик ийгиликтерди, илимий жетишкендиктерди, бекем ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий