• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте энергетика тармагына инвестиция тартуу маселелери талкууланат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Бүгүн, 12-май күнү саат 12:00дөгү кезектеги "Жай олтуруп баарлашуу" долбоорунда энергиянын кайра жаралуучу булактары жана жалпы эле энергетика тармагына инвестиция тартуу боюнча маселелер талкууланып, Жогорку Кеӊеш депутаты Э.Байбакпаев аталган жаатта демилгеленип жаткан мыйзам долбоору боюнча маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго катышуу үчүн аккредитациядан өтпөгөн журналисттер төмөндөгү номурларга чалып катталуусу зарыл: 63-92-00 (Жогорку Кеңеш, 3-кабат)

Эгерде аталган мыйзам долбоор кабыл алган учурда төмөндөгүдөй натыйжаларга жетүүгө мүмкүн:

- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорду даярдоодо уруксат жол-жоболоруна алектенүүгө инвестордун убактысы жана акча чыгымы кыскарат;

- ЭКБ чөйрөсүндө инвесторлор менен иштөөдө “Бирдей терезе” принциби;

- коррупциялык тобокелдиктер кыскарат, анткени уруксат жол-жоболордун жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежеси сунушталат;

- ЭКБ долбооруна бөлүнгөн жерлерди максаттуу пайдалануу үчүн мониторинг жана контроль жакшырат;

- 5 жылда ЭКБ/ЧГЭС куруунун жана реконструкциялоонун 10дон кем эмес долбоорлорун ишке ашыра баштаганда инвестициялык климаттын жакшырышы күтүлөт;

- жаңы жумушчу орундар жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салык базасы кеңейет;

- электр энергияны кошумча иштеп чыгат, 2020-жылга чейин 40-70МВт кем эмес ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолорду пайдаланууга киргизет.

Пикир

Оставить комментарий