• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР энергетика тармагында бааларды реформалоо зарыл – Бүткүл дүйнөлүк банк

Экономика 0

Бишкек, 2-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын экономикасынын бюджетке таасирин тийгизген, бирок өзү туураланбаган негизги тармагы энергетика болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында КР Бүткүл дүйнөлүк банктын экономисти Бакыт Дубашов билдирди.

Анын айтымында, буга ылайык энергетика тармагын жана негизинен баа чөйрөсүн реформалоо зарыл.

“Кыргызстандын экономикасы 2015-2016-жылдардагы терс жагдайга чыдамдуу болду. Өсүү булактарынын маселеси актуалдуу бойдон калууда. Биздин тажрыйбаларыбызга ылайык, маселени чечүү үчүн артыкчылыктарды аныктоо керек. Маселе биз экспорттой ала турган продукцияларды өндүрүү жана өнүктүрүүдө болуп саналат”, - деди ал.

Бул багытта Дубашов белгилегендей, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк маанилүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий