• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Энергетика тармагында секирик жасоо зарыл - Сапар Исаков

Экономика 0

Бишкек, 4-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандагы энергетика тармагында секирик жасоо зарыл. Бул тууралуу энергетика тармагындагы көйгөй жана перспективаларды талкуулаган тегерек үстөлдө Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагын экономиканы артка тартпаган чөйрөгө айлантууга Кыргызстанда өтө аз убакыт калды.

“Биз энергетика өлкөнүн келечеги экенин так түшүнөбүз. Биз ошондой эле, бул тармакта дагы көп жумуштарды жасашыбыз зарыл экенин билебиз. Анткен менен бул тармакта бир топ көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күнү баа маселесин чечиш керек. Тарифти оптималдаштырбай туруп энергетиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул суроо көптөн бери талкууланып келет. Албетте анын сапатын көтөрүш үчүн айлык акыны көтөрүп жарандардын жашоо шартын жакшыртуу зарыл”,-деди Исаков.

Ошондой эле, Исаков энергетика тармагында жакшы жетишкендиктер болуп жатканын айтты.

“Революциялык технологиялык өзгөрүүлөр болуп жатат деп айтсак болот. Биз Токтогул ГЭСин рекнтрукциялоо ишин баштадык. Бул өтө чоң долбоор. Калыбына келтирүү иштери аяктаган соң, биз өндүрүштү 240 мегаваттка көбөйтө алабыз. Реконструкция бир эле кубатын күчөтпөстөн, коопсуздукту сактоого дагы шарт түзөт. Мындан тышкары биздин кесиптештер “Камбарата-2” ГЭСинин экинчи агрегатын куруу иштерин башташты”,-деп кошумчалады Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий