• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев эмгек жамаатка тааныштырылды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалган Доскул Бекмурзаевди министрликтин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды.

Айбек Жунушалиев жаңы дайындалган министрди тааныштырып жатып, энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча жигердүү иштер жүрүшү керектигин баса белгиледи.

“Доскул Бекмурзаев министр кызматына дайындалганга чейин эле системада иштеп келген. Тармактын учурдагы абалын дагы жакшы билет. Ошондуктан энергетика тармагын өнүктүрөт деген ишеничтебиз”, - деди Жунушалиев.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өз кезегинде энергетика тармагында түзүлгөн абалдан эмгек жамааттын жана иш билги адистердин жардамы менен чыга турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий