• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Энергетика жана өнөр жай министрлиги: Уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берилбейт

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Уран жана торий кендерин чалгындоого, казууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстводон маалымдагандай, анткени «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамы күчүндө. Аталган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган.

Белгиленгендей, Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылдын 3-сентябрында коомдук талкууга койгон «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө» КР мыйзам долбоорунда уран жана торий боюнча да маселе киргизилген. Анда уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылган эмес. "Тагыраак айтканда, үлүшү 100% мамлекетке таандык компанияга гана (жеке менчик компанияга тиешелүү эмес) уруксат берилиши мүмкүн. Ошондо дагы экологияга зыян тийгизбей турган жана эл аралык талаптарга жооп берген технология менен иш жүргүзсө",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул документ кабыл алына элек, коомдук талкуу гана чыгарылганын эске салабыз. Ошондуктан уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп айтууга эртелик кылат. Коомдук талкууда келип түшкөн сунуш, пикирлер эске алынып, документтен бул пункт алынып салынышы да мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий