• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 5 миңден ашык кызматкери вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 5 миң 20 кызматкери вакцина алды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталууда.

“Иш бөлмөлөрдү дезинфекциялоо боюнча жумуштар байма-бай аткарылууда. Республикалык ыкчам штабдын тапшырмасына ылайык, жыйындар онлайн түрүндө өтүүдө. Ошондой эле абал турукташканча кызматкерлерге эл чогулган жерлерден оолак болуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, - дейт ал.

Ибраев 60 жаштан жогору, кош бойлуулар жана өнөкөт оорулары бар кызматкерлер аралыктан иштеп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий