• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Энергетикалык көз карандысыздык – Эгемендиктин пайдубалы

Коом 0

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришип жатып Кыргызстандын электр энергия тармагын реформалап, жарык өчмөй дегенди токтотуу убадасын берген. Арадан алты жыл өтүп президент бул убадасын ашыгы менен аткарды. Аны менен өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жетип, Кыргызстан өзү өндүргөн энергияны экспорттоого мүмкүнчүлүк алды. “Датка-Кемин” электр линиясы тартылып, коңшулардын көзүн карабай, аларга төлөнө турган миллиондордон кутулдук.

Ѳлкѳ башчысы Эгемендүүлүк күнүндө дал ушул жетишкендиктерди сыймыктануу менен айтты. Ал жарыкты суткалап өчүрүү токтогонун, мындан ары мындай көрүнүш кайталанбай турганын белгиледи. “Республикабыз энергетикалык көз карандысыздыкка жана энергетикалык сектордо туруктуулукка жетишти. Кварталдардын, райондордун свети өчүрүлгөнү бишкектиктердин эсинде. Бүтүндөй областтын светин жана газын өчүрүп салуу мүмкүн болгону бүт өлкө элинин эсинде. Эки ири подстанцияны жана “Датка-Кемин” ЛЭП куруу менен өзүбүздүн электроэнергетикалык алкагыбызды түзгөнүбүз, Бишкектеги ЖЭБин түп тамырынан бери кайра куруу Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыз кылууда дээрлик кебелбес кылып койду десек болот”, - деди А.Атамбаев.

Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгүн арттыруу иши бир гана “Датка-Кемин” линиясы менен токтогон жок. Бишкектин эскилиги жеткен ЖЭБи (Жылуулук-энергетикалык борбору) капиталдык оңдоодон өтүп, анын кубаттуулугу 1,5 эсеге артты.

Президент 30-августта Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун жыйынтыктоо салтанатында алынган насыялар өзүн өзү актап жатканын, долбоорго каршы чыккандардын сөздөрү суу кечпей калганын билдирди. “Буга чейин айрымдар “Датка-Кемин” долбооруна, Бишкетин ЖЭБине насыя албаш керек деп чыккан. Бул акылсыздык же кайсы бир күчтөрдүн тапшырмасын аткаруу аракети. Мен президент катары алгачкы маалымат жыйын өткөргөнүмдө жарык өчүп калган. Аны журналисттер деле эстесе керек. “Датка-Кемин” курулуп баштаганда, “Кыргызгаз” “Газпромго” берилип жатканда канчалаган сындар айтылганы азыр да эсимде. Бирок, бүгүн биз эч кимдин алдында чөгөлөбөйбүз. Мен эмне тууралуу айтып жатканымды энергетиктер жакшы билет. Биз насыяларды Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн гана алып жатабыз. Эгер жарык болбосо, “Датка-Кемин” менен Бишкек ТЭЦиндеги иштер аткарылбаса кайсы инвестор бизге келмек эле?”, - деди мамлекет башчысы.

Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо иши Сооронбай Жээнбеков ѳкмѳттү жетектеп турган учурда жүргүзүлгѳнү маалым. Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 13-майында Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча иштерге да старт берген. Ал энергетиктерди, жалпы кыргызстандыктарды өлкө турмушундагы бул маанилүү окуя менен куттуктап, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВтка көбөйөрү күтүлүп жатканын, анын пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга уланарын белгилеген.

Сооронбай Жээнбеков президенттин энергетика тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалап, бул тармакты көтөрүү мамлекеттин өнүгүшү үчүн маанилүү кадам экенин айткан эле. “Энергетика тармагы өлкөнү жана экономиканы өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт. Мамлекеттин жашоо жөндөмдүүлүгү жана күнүмдүк ишмердүүлүгү энергетикага түздөн түз көз каранды. Өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү Кыргызстанды 2013-2017-жылдары Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында башкы багыттардын бири катары киргизилген”, - деген Сооронбай Жээнбеков.

Энергетика маселесине арналган өкмөттүн жыйынында агездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү концепсиясын иштеп чыгуу заман талабы экенин баса белгилеген. “Өлкөбүздүн энергетикалык зор мүмкүнчүлүгү бар. Аны өнүктүрүү керек. Анда өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, анын ичинде чакан жана орто ГЭСтерди куруу, электр энергиясын жеткирүү жана бөлүштүрүү маселелери көрсөтүлүшү керек”,- деген болчу. Жаӊыдан шайланган Сапар Исаковдун ѳкмѳтү ушул Концепциянын негизинде иш алып барууда.

Ушул жерден бир маанилүү жагдайга токтоло кетели. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги отчетунда Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы өлкөнүн энергетика тармагы 13,04 млрд. кВт саат электр энергиясын иштеп чыгарганын, бул 2015-жылга салыштырмалуу 85 млн кВт саатка көп болгондугун маалымдаган. Ошондой эле 2016-жылы энергетика тармагындагы жоготуулар 15тен 13,9 пайызга кыскарганын айткан. Бул көрсөткүч 2017-жылдын аягында мындан жогору болоруна ишенимибиз күч.

Ошону менен акыркы алты жыл аралыгында Кыргызстандын энергетика тармагында кылымга тете иштер жасалды. Муну бүгүн элибиз көрүп, жон териси менен сезип жатат. Ал эми арзан энергиянын үзгүлтүксүз берилип жатышы өлкө экономикасынын өнүгүшү үчүн тоодой салымын кошот.

Талантбек НАБИЕВ, энергетика жаатында адис: “Датка-Кемин” – “кылым курулушу” болду”

- Президент Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтүндө энергетика тармагындагы аткарылган иштерге кандай баа бересиз?

- Президенттин чечкиндүү аракеттери Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирди. “Датка-Кемин” электр линиясын “кылым курулушу” деп атап койсок болот. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бөлүп турган бийик тоолордон зым тартуу түшкө кирбеген нерсе болчу. “Муну Атамбаев жасады” деп ачык айта алабыз. Мындан башка Бишкек ЖЭБи толугу менен жаңыртылды, кубаттуулугу 1,5 эсе көбөйдү. ЖЭБден өндүрүлгөн энергия бир аз кымбат болгону менен ишкерлер буга абдан муктаж жана бишкектиктерди сапаттуу, үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоого жол ачылды. Эми борбордун жылуулук системасына кошулбаган жаңы конуштагы үйлөрдү да туташтырса болот.

- Ошол эле учурда насыяга бүткөн бул иштерди сындагандар да бар. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

- Биз билгенден Кытай берген насыялардын пайызы абдан төмөн жана анын мөөнөтү узак. Андыктан бул долбоорлор өзүн өзү толугу менен актайт. Мисалы, Бишкектин ЖЭБинен кошумча өндүрүлгөн энергиядан түшкөн каражаттын, электр энергиясынын транзити үчүн Казакстан менен Өзбекстанга төлөнө турган миллиондорду эсептеп көрөлү. Мына ушул сумма эле 4-5 жылда асман чапчып кетет. Андыктан карыздан чочулоонун кереги жок. Анын үстүнө бул долбоорлор түздөн түз мамлекеттин, улуттун көзкарандысыздыгы үчүн ишке ашты.

Пикир

Оставить комментарий