• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Энергетикалык Хартиянын Ашхабад Декларациясы кабыл алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ашхабад, 30.11.17 /Нуржан Касмалиева - Кабар/. Ашхабадда Энергетикалык Хартиянын Конференциясынын 28-сессиясы өз ишин 2019-жылга чейин стратегиялык документ катары Ашхабад Декларациясын кабыл алуу менен аяктады.

28-сессиянын аякташы боюнча маалымат жыйындын жүрүшүндө Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков бул абройлуу эл аралык уюмдун 2017-жылы Түркмөнстанды төрага катары шайлашы Борбор Азия өлкөлөрүнүн глобалдык саясатты чечүүдөгү маанисинин өсүп жатканын ырастайт деп белгиледи.

Эл аралык Энергетикалык Хартиянын Конференциясынын төрагалыгы Румынияга өттү.

Конференциянын катышуучулары Энергетикалык Хартиянын энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу, инвестицияларды кеңейтүү жана коргоо, ошондой эле энергитикалык таасирдүүлүк багытындагы ролуна көңүл бурушту.

Конференциянын ишине дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн 200дөн ашуун катышуучу катышты. Алардын ичинде мүчө өлкөлөрдүн министрлери, жогорку кызматтагы адамдарыЭ, Эл аралык Энергетикалык Хартиянын байкоочулары, эл аралык энергетикалык жана каржылык уюмдар жана ЖМК өкүлдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий