• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Энергетикалык компаниялардын иши ачык-айкын болуп, ал эми коррупциялык көрүнүштөргө кескин тыюу салынат - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Энергетикалык компаниялардын иши ачык-айкын болуп, ал эми коррупциялык көрүнүштөргө кескин тыюу салынат. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-апрелде, 2017/2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүү жыйынтыктары боюнча жумушчу кеңешменини жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов маалымдагандай, 2018-жылдын 25-январында Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган штаттан тышкаркы абалды эсепке албаганда, жалпысынан алганда, 2017/2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүүгө байланыштуу абал стабилдүү болду.

«2018-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 881,07 м түзүп, көлөмү 14,448 млрд м3 болду, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,67 млрд. м3 жогору, анда суу деңгээли 874,01 м белгисинде болуп, 12,773 млрд. м3 түзгөн», - деп маалымдады Улан Рыскулов.

Анын айтымында, 2017-жыл үчүн «Электр станциялары» ААК 15 151,4 млн кВт саат көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыккан, бул 2016-жылкы көрсөткүчтөн 18% га көп болуп саналат. 2017-жылы жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 2 192,0 миң Гкал түзүп, бул 2016-жылдын көрсөткүчүнөн 11% га жогору болуп саналат.

Премьер-министр маалыматты уккан соң, Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган авария энергетикалык тармактагы тутумдук көйгөйлөрдү ачыктагандыгын белгиледи.

«Энергетикалык тармактын жетекчилери ишти ийне-жибине чейин билип, татаал кырдаалда жоопкерчиликти башка жакка шылтабай, өзүнө алууга үйрөнүүсү керек. Энергетикалык тармакка күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү боюнча коюлган милдеттенмелерди алып кете турган чынчыл, квалификациялуу адистер келиши керек. Узак мезгилден бери тутумдук коррупция энергетика тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жаратып, натыйжада жагымсыз абалга алып келген. Энергетикалык тармак экономиканын натыйжалуу иш алып барган тармагына айлануусу үчүн аталган тармакты ирээтке келтирүү, энергетикалык команиялардын ишинин финасылык ачыктыгын камсыздоо учуру келди. Өлкө Президенти Өкмөттүн алдына конкреттүү милдетти – бардык коррупционерлерди аныктоо жана тармакты алардан тазалоону койду. Эл байлыгы катары саналган энергетикалык тармакты уурдоо эсебинен байып көнгөн айрым топтордун каршылыгына карабастан, аталган милдет аткарылат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, энергетикалык секторду көзөмөлдөгөн тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилери келерки кышта шаардыктардын турак-жайын ысык суу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоосу үчүн Бишкек шаардык ЖЭБдеги таңкыстыктарды жоюушу тийиш.

Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилерине энергетикалык тармактагы абалды жакшыртуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

Атап айтканда, Бишкек шаардык ЖЭБдеги аварияны жоюу жана өлкөнүн энергетикалык объектилериндеги мындай абалга жол бербөө боюнча антикризистик чаралар комплексин иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, жалпы энергетикалык жабдуулардын абалын техникалык талдоодон өткөрүү жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алуу менен берилген режимди аткаруусун камсыздоо боюнча анын жөндөмдүүлүгүн баалоо, энергетикалык компаниялардын башкаруу органдарынын жана жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле энергосекторду башкаруунун ачык-айкын ыкмаларын киргизүү аркылуу энергетикалыык обьектилерди пайдалануунун үзгүлтүксүз технологиялык циклин камсыздоо тапшырылды.

Андан тышкары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасына Улан Рыскуловго көмүр өнөр жый жана тоо-кен казып алуу тармагы жаатындагы иштерди күчөтүү, кең байлыктарды иштетүү пландалып жаткан райондордун тургундары арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү, ошондой эле компаниялардын финансылык абалын жакшыртуу боюнча Өкмөттүн койгон милдеттерин аткаруусу боюнча отун-энергетикалык комплекс ишканаларынынын жетекчилеринин иши өзгөчө көзөмөлгө алынарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий