• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилет

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалдары - жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканаларынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүү үчүн бир нече мүчөдөн турган комиссия түзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, комиссиянын курамына КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Улуттук энергохолдингдин, Мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү жана “Кыргызстан улуттук электр тармагынын” борбордук аппаратынын техникалык кызматтарынын адистери кирди.

“Алар жерине барышып, бекитилген программага ылайык капиталдык жана учурдук оңдоо иштери каралган энергетикалык объекттерди, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча пландаштырылган иш-чараларынын өз убагында аткарылышын, сапатын жана көлөмүн баалашат”, - деп айтылат маалыматта.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча жана тийиштүү текшерүү актыларынын түзүлүшүнө карата “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалдарына күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы тууралуу паспорт берүү чечимдери кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий